Коронавирустан 1 адам көз жумуп, 162 кишиден илдет табылды

Коронавирустан 1 адам көз жумуп, 162 кишиден илдет табылды

Соңку суткада коронавирустан 1 кыргызстандык көз жумду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, илдеттен борбор калаанын бир тургуну көз жумган. Ошондой эле бир күндө 162 адамдан коронавирус табылган.

“Бишкек шаарында 59 кишиден, Ош шаарында 11, Чүй облусунда 42, Ош облусунда 6, Талас облусунда 7, Нарын облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 25, Жалал-Абад облусунда 10 адамдан илдет аныкталды”, — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары 237 адам илдеттен сакайып үйлөрүнө чыккан.

Мунун менен Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 80 535ке жетти. Анын ичинен 75 057 адам сакайды.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 1349 адам коронавирустан көз жумду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>