Коррупцияга жана пара алууга шектелип кармалган кызматкерлер

Коррупцияга жана пара алууга шектелип кармалган кызматкерлер

Кыргызстанда акыркы эки апта ичинде бир нече мамлекеттик кызматкер коррупцияга жана пара алууга шектелип кармалды. Алардын арасында жогорку кызматтагы чиновниктер да бар. Reporter.kg УКМК жана ИИМ тарабынан кармалган кызматкерлерди тизмектеди.

12-апрель

Свердлов РИИБдин тергөөчүсү опузалап пара алып аткан жеринен кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирген.

Опузалап пара талап кылган Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин тергөөчүсүнө карата Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

2023-жылдын 11-апрелинде ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын иш бөлмөсүндө алып жаткан жеринен тергөөчү Ж.А.Т. кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Ж.А.Т. кылмыш ишин тергөөдө, жеке баюу максатында, жабырлануучуга карата кылмыш ишин токтотуп берүү үчүн 2000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталган. Кармалган жаран Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

13-апрель

Бишкектеги Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкери пара берүүгө шектелип кармалганын ИИМден билдиришкен.

ИИМдин Ички иликтөө кызматы текшерүү учурунда бузулган «Рено-Логан» унаа үчүн күйүүчү майды негизсиз эсептен чыгаруу фактысы аныкталган. Иштин материалдарын карап жатканда, У.Б. аттуу инспектор Ички иликтөө кызматынын кызматкерине ишти чечип берүүсү үчүн 10 миң сом пара сунуштай баштаган.

Бул факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинини 345-беренеси 2-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча кылмыш иши козголгон.

ИИМден билдиришкендей, 12-апрелде 10 миң сом пара берип жаткан жеринен Кайгуул кызматынын материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн инспектору кармалган.

17-апрель

Жер тилкелери боюнча коррупциялык схеманы уюштурганы үчүн Сузак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы кармалган.

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан ушул жылдын 11-апрелинде Сузак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы С.А.Н. кармалып, камакка алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө С.А.Н. кол алдындагы кызматкерлери жана Сузак райондук “Кадастр” жана архитектура башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери менен бирдиктүү кылмыштуу иш алып барышып, жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү боюнча коррупциялык схеманын уюштуруучусу болгону аныкталды.

Сузак районунун “Сузак”, “Каркыра-Мисте” жана “Благовещенка” айылдарынын калкка кезексиз жана акысыз берилчү 100 бирдиктен ашык жер тилкелери С.А.Н. буйругу менен жарандарга жасалма документтердин негизинде ар бир участок 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин акча каражатына сатылып кеткен.

17-апрелде

Мамлекеттик салык кызматынын 10 инспектору коррупция иши боюнча кармалганын УКМКдан билдиришкен.

Маалым болгондой, салык кызматкерлери жеке кызыкчылыгын көздөп, ишкерлик менен алектенген адамдар менен жең ичинан сүйлөшүп алып, салыктын суммасын атайылап азайткан. Мындан улам мамлекетке 100 млн сомдон ашык салык түшпөй калган.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүмү (Коррупция) менен кылмыш иши козголуп, Салык кызматынын 10 инспектору камакка алынган.  Алар сот тарабынан камакка алынган.

17-апрель

Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев коррупцияга шектелип кармалган. УКМК маалымдагандай, Самаевдин «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экендиги аныкталган.

«Токмок шаарындагы жеке үйлөрдүн борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулуу фактысы боюнча. Андан түшкөн каражаттын бир бөлүгү ага берилип турган», — деп билдирет УКМК.

17-апрелде ал Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Кийинчерээк ал эки айга камакта калтырылган.

18-апрель

Санитардык-эпидемиологиялык корутундуларды мыйзамсыз берүү боюнча коррупциялык схемага бөгөт коюлду.

УКМКнын маалыматына караганда, Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин санитардык-эпидемиологиялык экспертиза бөлүмүнүн башчысы А.Л.О. тарабынан уюштурулган, өлкө аймагына товарларды жана продукцияларды ташып келүү үчүн санитардык-эпидемиологиялык корутундуларды мыйзамсыз берүү боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталган.

«А.Л.О. аталган бөлүмдүн жооптуу кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, мыйзамсыз киреше алуу жана баюу максатында зарыл жол-жоболорду сактабастан жана тиешелүү экспертизаларды жүргүзбөстөн кыска мөөнөттө бажы брокерлерине санитардык-эпидемиологиялык корутундуларды берүү боюнча коррупциялык схеманы түзгөндүгү ачыкталды», — деп айтылат маалыматта.

18-апрель

Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын тергөөчүсү пара талап кылуу фактысы боюнча кармалган.

УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жаткан укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында ИИМ Ички иликтөө кызматы менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Сокулук РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган.

Чүй облусунун Сокулук РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын улук лейтенанты Д.К.Д. М.Д.О. аттуу жаранынан алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин токтотуу үчүн 5 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылганы аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси («Опузалап пара алуу») менен кылмыш иши козголгон.

18-апрель

Ноокат РИИБдин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалган.

УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жаткан укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында ИИМ Ички иликтөө кызматы менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ноокат РИИБдин тергөөчүсү А.у.Т. 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган.

Кармалган кызматкер кылмыш жазасы менен коркутуп, тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарын токтотуп берүү үчүн арыз ээсинен 100 000 сом талап кылгандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгү («Опузалап пара алуу») менен кылмыш иши козголгон.

Кармалган кызматкер козголгон иштин алкагында соттун чечими менен үстүбүздөгү жылдын 12-июнуна чейин камакка алынып, Ош шаарынын №5-тергөө абагына киргизилген.

19-апрель

Башкы прокуратура УКМКнын ыкчам кызматкерлери менен биргеликте Бишкектин Свердлов райондук прокуратурасынын имаратынан район прокурорунун улук жардамчысын опузалап акча талап кылып жаткан жеринен кармаган.

УКМК билдиргендей, ал арыз ээсине карата козголгон кылмыш иштери боюнча оң чечим чыгаруу үчүн 450 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>