КРда каржы пирамидаларын жарнамалаганы үчүн блогерлерге айып пул салуу сунушталууда

Кыргызстанда каржы пирамидаларына байланышкан банк эсептерин, электрондук капчыктарды жана виртуалдык активдер менен болгон операцияларды соттун чечимисиз убактылуу бөгөттөөгө уруксат берүү сунушталууда.
Тиешелүү мыйзам долбоорлорунун пакетин Жогорку Кеңештин депутаттары Улукбек Узакбаев, Акылбек Түмөнбаев, Нурбек Сыдыгалиев жана Эркинбек Исеналиев иштеп чыгышты. Документтер коомдук талкууга коюлду.
Мындан тышкары, мындай схемаларды уюштургандыгы үчүн жазаны 12 жылга чейин эркинен ажыратууга чейин катаалдаштыруу жана мыйзамсыз инвестицияларды жарнамалагандыгы үчүн, анын ичинде блогерлерге да жоопкерчилик киргизүү пландалууда.
Маалымкат-негиздемеде айтылгандай, жаңы чаралар каржылык алдамчылыктын, айрыкча интернет аркылуу жасалган алдамчылыктын өсүшүнө байланыштуу зарыл болуп жатат.
Кылмышкерлер жарандардын каражатын кирешелүү инвестиция деген шылтоо менен тартып, жогорку киреше убада кылышат, андан кийин алынган каражаттарды башка эсептерге же виртуалдык активдерге которуп жиберишет.
Документте келтирилген Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2026-жылдын тогуз айында Кыргызстанда маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен жасалган алдамчылык боюнча 765 иш катталган. Аныкталган зыян 337,5 миллион сомду түзүп, анын ичинен 8,9 миллион сомун же 2,6%ын гана кайтарып алууга мүмкүн болгон. Салыштыруу үчүн айтсак, 2025-жылы ушул категориядагы иштер боюнча зыян 45,2 миллион сомду түзүп, анын 2,7 миллион сому же 5,9%ы өндүрүлгөн.
Демилгечилер электрондук капчыктарды жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга мыйзамсыз өткөрүп берүү боюнча статистиканы өзүнчө келтиришкен.
2026-жылдын тогуз айында зыяны 105,2 миллион сомдон ашкан мындай 310 иш катталган. Жабырлануучуларга бул сумманын 1,3%ы гана кайтарылган.
Маалымкатта белгиленгендей, алдамчылыкка каршы күрөшүүнүн колдонуудагы чаралары көп учурда өтө кеч — каражаттар сыртка чыгарылып кетип, каржы пирамидасы ишин токтоткондон кийин гана иштей баштайт.
Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн шектүү инвестициялык долбоорлорду эрте аныктоо жана каржылык операцияларды ыкчам бөгөттөө системасын түзүү сунушталууда.
Эсептерди жана электрондук капчыктарды 48 саатка бөгөттөй алышат
Негизги сунуштардын бири — Улуттук банкка жана финансы рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга каржы пирамидалары жана алдамчылык инвестициялык схемалар менен байланышкан операцияларды убактылуу токтото туруу укугун берүү.
Баштапкы этапта бул үчүн соттун чечими талап кылынбайт.
Улуттук банктын көзөмөлүндөгү банктар жана башка финансылык уюмдар тиешелүү жазма буйрукту алган учурдан тартып эки сааттын ичинде аткарууга милдеттүү болушат. Чектөөлөр 48 сааттан ашпаган мөөнөткө чейин колдонулушу мүмкүн.
Ушундай эле талаптарды техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн чегинде виртуалдык активдерди алмаштыруу жана соодалоо операторлоруна, ошондой эле алардын эмитенттерине да белгилөө сунушталууда.
Жазма буйрук чыгарылгандан кийин 24 сааттын ичинде материалдар активдерди андан ары камакка алуу маселесин чечүү үчүн каржылык чалгындоо органдарына, прокуратурага жана укук коргоо органдарына жөнөтүлүшү керек.
Эгерде 48 сааттын ичинде камакка алуу жөнүндө соттун чечими кабыл алынбаса, убактылуу чектөөлөр дароо жокко чыгарылышы тийиш.
Каржы пирамидаларынын сайттарын бөгөттөө сунушталууда
КРнын Жазык-процесстик кодексине киргизилүүчү түзөтүүлөр каржы пирамидаларынын ишмердүүлүгү үчүн колдонулган интернет-ресурстарга жеткиликтүүлүктү убактылуу чектөө мүмкүнчүлүгүн карайт.
Сөз сайттар, мобилдик тиркемелер, социалдык тармактардагы аккаунттар жана мессенжерлердеги каналдар тууралуу болуп жатат.
Мындай чаралар ресурстун кылмыш жасоо үчүн колдонулуп жатканына жетиштүү негиздер болгон, ал эми кечиктирүү массалык каржылык жоготууларга же акчаны чет өлкөгө чыгарып кетүүгө алып келиши мүмкүн болгон шашылыш учурларда колдонулушу мүмкүн.
Улуттук банк же финансы рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган жеткиликтүүлүктү 48 саатка чейинки мөөнөткө убактылуу чектөө жөнүндө жазма буйрук бере алат.
Андан ары бөгөттөө үчүн соттун чечими талап кылынат. Эгерде сот өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартса же белгиленген мөөнөттө тиешелүү чечим кабыл алынбаса, ресурска кирүү мүмкүнчүлүгү калыбына келтирилиши керек.
Инвестициялык уюмдар үчүн бирдиктүү реестр түзүлөт
Дагы бир сунуш — Инвестициялык уюмдардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү.
Маалымкат-негиздемеде белгиленгендей, реестр жарандарга мыйзамдуу инвестициялык компанияларды тиешелүү уруксаттары жок акча тарткан уюмдардан айырмалоого жардам бериши керек.
Коштоочу документтерде ошондой эле ак ниет тармактык маркетингди каржы пирамидаларынан айырмалоого мүмкүндүк берүүчү критерийлер да каралган.
Атап айтканда, 70% тышкы киреше эрежеси жана тармактык маркетингдин катышуучуларына сатылбай калган тийиштүү сапаттагы продукциянын баштапкы наркынын кеминде 90%ын кайтарып берүү талабы айтылат.
Мыйзамсыз инвестицияларды жарнамалоого, анын ичинде блогерлерге да тыюу салынат
«Жарнама жөнүндө» мыйзамга киргизилүүчү түзөтүүлөр киреше убада кылуу менен акча, мүлк же виртуалдык активдерди тарткан, бирок мамлекеттик реестрге киргизилбеген же тиешелүү лицензиясы жок инвестициялык долбоорлорду илгерилетүүгө тыюу салууну карайт.
Чектөөлөр ЖМКлардагы, социалдык тармактардагы, мессенжерлердеги жана башка интернет-платформалардагы жарнамаларга жайылтылат.
Болгондо да тыюу салуу компанияларга гана эмес, блогерлерге, инфлюенсерлерге жана башка элге таанымал адамдарга да тиешелүү болот.
Адам жарнама үчүн акча алганбы же аны акысыз жайгаштырганбы — мааниге ээ эмес.
Бузуулар үчүн төмөнкүдөй айып пулдарды белгилөө сунушталууда:
- жеке жактар үчүн — 20 миң сом;
- юридикалык жактар үчүн — 65 миң сом.
Мындан тышкары, жарнама берүүчү, жарнаманы даярдоочу жана жайылтуучу керектөөчүлөргө келтирилген зыян үчүн солидардык жарандык-укуктук жоопкерчилик тартышы мүмкүн.
Каржы пирамидалары үчүн 12 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталууда
КРнын Кылмыш-жаза кодексине киргизилүүчү түзөтүүлөр каржы пирамидаларын жана алдамчылык инвестициялык схемаларды түзүү, ошондой эле аларды жетектөө үчүн кыйла катаал жазаны карайт.
Мыйзамда каралган кылмыштын белгилери болгон учурда, тиешелүү каттоосу же лицензиясы жок мындай долбоорлорго акча тартууга багытталган коомдук иш-чараларды уюштурууга да жоопкерчиликти жайылтуу сунушталууда. Сөз анын ичинде окутуучу семинарлар, вебинарлар, курстар жана марафондор тууралуу болуп жатат.
Салыштырма таблицага ылайык, кылмыштын негизги курамы үчүн жазаны мүлкүн конфискациялоо менен үч–беш жылдан беш–жети жылга чейин эркинен ажыратууга көбөйтүү сунушталууда.
Кылмышты алдын ала сүйлөшүп алып адамдардын тобу тарабынан, маалыматтык технологияларды колдонуу менен же өзгөчө ири өлчөмдө киреше алуу же зыян келтирүү менен жасагандыгы үчүн жети жылдан он жылга чейин эркинен ажыратуу жазасын белгилөө сунушталууда.
Эгерде кылмыш уюшкан топ же кылмыштуу коомдоштук тарабынан жасалса, жаза мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратууну түзөт. Ири зыянга алып келген каржы пирамидаларын коомчулукка ачык жарнамалагандыгы үчүн жоопкерчиликти өзүнчө катаалдаштыруу сунушталууда. Бул үчүн 300 миң сомдон 500 миң сомго чейин айып пул салынышы же үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Ошол эле учурда кылмыш тууралуу өз ыктыяры менен билдирген, тергөөгө жардам берген жана өздөрү келтирген зыяндын ордун толугу менен толтурган катышуучулар белгилүү бир шарттарда кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн. Пирамидалардын уюштуруучуларына жана жетекчилерине мындай бошотуу колдонулбайт.
Инвестициялык чөйрөдөгү укук бузуулар үчүн айып пулдар
Укук бузуулар жөнүндө кодекске киргизилүүчү коштоочу түзөтүүлөр компания расмий түрдө инвестициялык ишмердүүлүк менен алектенет деген таасир калтырган аталыштарды мыйзамсыз колдонгондугу үчүн жоопкерчиликти карайт.
Атап айтканда, сөз «инвестициялык фонд», «инвестициялык компания», «криптоброкер» жана «краудфандинг-платформа» деген терминдер жөнүндө болуп жатат.
Тиешелүү каттоосу же лицензиясы жок мындай аталыштарды колдонгону үчүн жеке жактарга 15 миң сом, юридикалык жактарга 55 миң сом айып пул салуу сунушталууда. Тармактык маркетинг компаниялары үчүн сатылбай калган продукцияны кайтарып берүү, аны сертификаттоо же маркалоо талаптарын бузгандыгы үчүн 60 миң сом айып пул каралган.
Шектүү операцияларды убактылуу токтото туруу жөнүндө жазма буйрукту аткарбаган виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөргө жана алардын эмитенттерине 65 миң сом айып пул салуу сунушталууда.
Анара Мамытова