Кыргызстандык спортчу джиу-джитсу боюнча дүйнө чемпионатында алтын алды

13.11.2026 | 15:33
Кыргызстанка завоевала золото юношеского чемпионата мира по джиу-джитсу — Новости Кыргызстана
Podium 40kg W GP – Gold: Saida Sabyrova (KGZ)

Кыргызстандык Саида Сабырова Abu Dhabi World Youth Jiu-Jitsu Championship 2026 өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль жеңди. Мелдеш 11–13-ноябрь күндөрү Абу-Даби шаарында өтүүдө.

Сабырова кыздар арасындагы Teen жаш курактык категориясында кызгылт сары жана жашыл кур тагынган спортчулар арасында 44 кг чейинки салмакта күч сынашты.

Ал жарым финалда Казакстандын өкүлү Милана Ковальчукту 3:2 эсебинде жеңсе, финалда бразилиялык Мануэла Соузаны 4:1 эсебинде утту.

Күмүш медаль Мануэла Соузга, коло медаль Милана Ковальчукка берилди. Бул салмак категориясында жалпы беш спортчу катышты.

Сабырова Nazarov BJJ Academy академиясында машыгат. Анын машыктыруучусу — бразилиялык джиу-джитсу боюнча күрөң курдун ээси Артур Назаров.

2024-жылы Саида Сабырова Астанада 15 жашка чейинки спортчулар арасында грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону болгон.

Теги: спорт
Scroll to Top