ЕАЭБден товар ташыгандар 1-январга чейин аларды каталогго киргизиши керек

13.11.2026 | 15:17
Импортеров из ЕАЭС просят внести товары в каталог ГНС до 1 января — Новости Кыргызстана

Мамлекеттик салык кызматы Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдөн товар алып келген импорттоочуларды 2027-жылдын 1-январына чейин өз товарларынын Товарлар каталогунда бар-жогун текшерип, зарыл болсо аны толуктоого чакырат. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

2027-жылдын 1-январынан тартып Салык кызматы товарларды эсепке алуунун өркүндөтүлгөн «Жыйынды пост» системасын пилоттук негизде колдонууну пландап жатат.

STI-150 жана STI-151 формаларындагы коштомо кагаздарды тариздөөдө товарлар тууралуу маалымат Товарлар каталогундагы позицияларды тандоо аркылуу толтурулат. Коштомо кагазга каталогго алдын ала киргизилген товарларды гана көрсөтүүгө болот.

Эгер товар каталогдо жок болсо, импорттоочу ал тууралуу маалыматты алдын ала киргизиши керек.

Каталог бардык салык төлөөчүлөр үчүн Салык төлөөчүнүн кабинетинде жеткиликтүү. Товарды кошуу үчүн импорттоочу жаңы товар карточкасын түзүүгө арыз берип, бардык керектүү маалыматтарды көрсөтүшү керек.

Теги: ГНС
Scroll to Top