Ысык-Көл менен Соң-Көлдө өндүрмөлүк балык уулоого үч жылдык мораторий киргизилди

Кыргызстандын Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө өндүрмөлүк балык уулоого үч жылдык мөөнөткө мораторий киргизилди. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Минкабдын маалымтында, бул чечим балык запастарын сактоо жана көбөйтүү боюнча президенттин жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.
Документке ылайык, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балык уулоого документтерди берүүнү токтотот. Бул чектөө балык запастарын жасалма өндүрүү боюнча бекитилген иштерге, ышкыбоздук жана спорттук балык уулоого, өнөр жайлык эмес балык түрлөрүнүн санын жөнгө салуучу мелиоративдик чараларга, ошондой эле илимий-изилдөө иштери менен мониторингге тиешелүү эмес.
Мораторий учурунда аталган министрлик көлдөрдөгү балык запастарын толуктоо үчүн ысык-көл форелин, сига-лудоганы жана карп-сазанды жасалма көбөйтүү иштерин жүргүзөт. Мындан тышкары, Соң-Көлдө балыктардын аборигендик түрлөрүнүн санын жөнгө салуу чаралары аткарылып, жыл сайын 30-декабрга чейин президенттин администрациясына токтомдун аткарылышы боюнча маалымат берилет.
Бул токтом расмий жарыяланган күндөн (16-ноябрь) тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.