Мүлктү камакка алуу, карыз алуучуну коргоо жана айып пул: КРда мыйзам долбоору даярдалды

Кыргызстанда жарандарды алардын макулдугусуз таризделген насыялардан, мыйзамсыз каржылык операциялардан жана мүлкүнөн ажырап калуудан коргоо максатында алдамчылыкка каршы күрөшүү эрежелерин өзгөртүү сунушталууда. Мыйзам долбоору банктар, тергөөчүлөр жана куруучулар үчүн да жаңы милдеттерди карайт.
Тиешелүү түзөтүүлөрдү Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев иштеп чыкты. Документ коомдук талкууга коюлду.
Негиздеме-маалымкатта айтылгандай, алдамчылык схемалары барган сайын үчүнчү жактардын банктык эсептерин, электрондук капчыктарды, аралыктан тейлөөчү сервистерди колдонуу жана акчаны тез которуу менен байланыштуу болууда. Мындан улам жабырлануучулар мүлкүн коргоп калууга жана уурдалган каражаттарын кайтарып алууга дайыма эле жетише бербейт.
Дагы бир көйгөй жарандык-укуктук келишимдерге байланыштуу. Арыз ээси алдоонун конкреттүү белгилери жөнүндө билдиргенине карабастан, жазуу жүзүндөгү макулдашуунун бар болушу кээде кылмыш ишин козгоодон баш тартууга негиз болуп калууда.
Ошол эле учурда долбоорду иштеп чыгуучу келишимдик милдеттенмелерди кадимкидей эле аткарбай коюу өзүнөн-өзү кылмыш-жаза куугунтугуна алып келбеши керектигин баса белгилейт.
Алдамчылар башка бирөөнүн атына аралыктан да, жеке кайрылганда башка бирөөнүн документтерин колдонуу менен да тариздей алган керектөө насыяларына өзгөчө көңүл бурулган.
Маалымкатта ошондой эле колдонуудагы эрежелер болжолдуу жоопкердин мүлкүн өз убагында сактап калууга дайыма эле мүмкүндүк бербей турганы белгиленет. Жабырлануучу доо арыз даярдап, тапшыргыча мүлк сатылып, жашырылып же башка жактарга өткөрүлүп берилиши мүмкүн, бул болсо кийин зыяндын ордун толтурууну кыйындатат.
Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.
Жарандардын макулдугусуз таризделген насыялар
Мыйзам долбоору алдамчылар атына керектөө насыясын тариздөөгө аракет кылган же тариздеп койгон адамдарды коргоонун кошумча чараларын карайт.
Эгерде кредитор алдамчылыктын белгилерин аныктаса же жарандан өтүнмө анын макулдугусуз берилгени тууралуу билдирүү алса, текшерүү аяктаганга чейин акча берүүнү убактылуу токтото туруу зарыл болот.
Шектүү насыя тууралуу иш жүзүндө карыз алуучу болуп эсептелбеген, бирок өтүнмөнү тариздөөдө маалыматтары колдонулган адам да кабарлай алат.
Алгачкы текшерүүнү 24 сааттын ичинде жүргүзүү сунушталууда. Зарыл болгон учурда кошумча текшерүү беш жумуш күнүнө чейин созулушу мүмкүн. Насыяны жарандын чыныгы макулдугу ырасталгандан кийин гана берүүгө уруксат этилет. Текшерүү мөөнөтүнүн аякташы өзүнөн-өзү эле адам акча алууга макул болгонун билдирбейт.
Эгерде алдамчылар телефон номерине же мобилдик тиркемеге кирүү мүмкүнчүлүгүн алганынын белгилери бар болсо, ошол эле номер же тиркеме аркылуу ырастоо жетишсиз болот. Кредитор текшерүүнүн башка ыкмасын сунуштоого тийиш.
Эгерде акча буга чейин эле берилип калган болсо, каржы уюму насыяны тариздөө жагдайларын текшерүүгө, документтерди жана техникалык маалыматтарды сактоого, андан аркы алдамчылык операцияларына каршы чара көрүүгө жана жыйынтыгы тууралуу кызыкдар жакка билдирүүгө милдеттүү болот.
Мындай текшерүүгө он жумуш күнү берилет. Зарыл болсо аны узартууга болот, бирок жалпы мөөнөт 30 календардык күндөн ашпоого тийиш.
Насыяны мыйзамсыз тариздөөнүн объективдүү белгилери бар болгон учурда, текшерүү мезгилинде, бирок 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө туум (неустойка) чегерүүгө жана талаштуу карызды соттон тышкары өндүрүүгө тыюу салуу сунушталууда.
Эгерде жаран насыя тариздөөгө макулдук бербегени ырасталса, кредитор андан карызды төлөөнү талап кыла албайт жана кесепеттерди жоюу, анын ичинде туура эмес кредиттик маалыматты оңдоо боюнча чараларды көрүүгө тийиш болот.
Банктар алдамчылардан коргоодогу эреже бузуулар үчүн жооп берүүгө милдеттендирилиши мүмкүн
Түзөтүүлөр каржы уюмдарынын жоопкерчилигин да козгойт.
Долбоорго ылайык, эгерде кардар банктын же банктык кызматтарды көрсөткөн башка уюмдун алдамчылык операцияларын алдын алуу боюнча милдеттүү талаптарды бузгандыгынан улам зыян тартса, алар жарандык мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартышат.
Ошол эле учурда операцияны кардардын өзү ырастаганы да каржы уюмун жоопкерчиликтен автоматтык түрдө бошотпойт.
Бирок сөз алдамчылыктын бардык эле учурунда зыяндын ордун толтуруу жөнүндө болуп жаткан жок. Уюм милдеттүү талаптарды бузгандыгын жана дал ушул бузуу кардардын каржылык жоготууларына алып келгендигин аныктоо зарыл.
Банктарга шектүү операциялар тууралуу маалымат алмашууга уруксат берилет
Дагы бир сунуш банктык сырга тиешелүү.
Атайын системага киргизилген банктарга, банктык эмес каржы-насыя уюмдарына, төлөм уюмдарына жана төлөм системаларынын операторлоруна кардардын макулдугусуз эле алдамчылыктын белгилери бар конкреттүү операциялар тууралуу маалымат алмашууга уруксат берүүнү көздөшүүдө.
Маалымат алмашуу Улуттук банк ишин камсыз кыла турган корголгон платформа аркылуу жүрөт.
Шектүү операцияларды аныктоо жана бөгөт коюу үчүн зарыл болгон маалыматтарды гана берүүгө уруксат этилет: төлөм инструменттери, эсептер жана акча алуучулар, операциянын убактысы, суммасы жана статусу, ошондой эле аныкталган алдамчылыктын белгилери тууралуу маалыматтар.
Ошол эле учурда эсептер боюнча акча каражаттарынын кыймылынын толук тарыхын, калдыктар тууралуу маалыматтарды жана конкреттүү шектүү операцияга байланышпаган башка маалыматтарды берүүгө тыюу салынат.
Ыктымалдуу алдамчылык жөнүндө билдирүүнүн келип түшүшү эле кардардын акчасын автоматтык түрдө бөгөттөөгө негиз болбойт. Чектөөлөргө мыйзамда каралган учурларда гана жол берилет.
Өз эсептери аркылуу мыйзамсыз которуулар үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги киргизилет
Кылмыш-жаза кодексине киргизилүүчү түзөтүүлөр сый акы алуу үчүн өзүнүн банктык эсептери, төлөм инструменттери жана виртуалдык активдер капчыктары аркылуу мыйзамсыз каржылык операцияларды жүргүзүүгө жардам берген адамдарга каршы багытталган.
Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, колдонуудагы берене төлөм каражаттарын, электрондук капчыктарды жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга өткөрүп бергендик же саткандык үчүн жоопкерчиликти карайт.
Бирок алдамчылык схемалары башкача да иштеши мүмкүн: адам өз эсебин көзөмөлдөөнү сактап калат, бирок сый акы үчүн башка бирөөнүн көрсөтмөсү боюнча акча кабыл алат, которот же чечип алат.
Эгерде адам операциялар үчүн мыйзамдуу негиздер жок экенин көрүнөө билсе, мындай аракеттер үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин белгилөө сунушталууда.
Негизги курам үчүн 20 миң сомдон 50 миң сомго чейин айып пул каралган.
Операциялардын көлөмүнө, келтирилген зыянга жана башка жагдайларга жараша жаза катуураак болушу мүмкүн — мүлкүн конфискациялоо менен он жылга чейин эркиндигинен ажыратууга чейин.
Ошол эле учурда акы алуу үчүн жүргүзүлгөн мыйзамдуу операциялар төлөм алгандыгынын негизинде эле кылмыш катары эсептелбейт.
Мүлктү доо арыз бергенге чейин эле камсыздоого уруксат берилет
Азыр, негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, доону камсыз кылуу чаралары арыз сот тарабынан өндүрүшкө кабыл алынгандан кийин колдонулат. Бул убакыт аралыгында болжолдуу жоопкер мүлктү сатып, жашырып же башкаларга өткөрүп берүүгө жетишип калышы мүмкүн.
Мыйзам долбоору мүлктүк доо арыз бергенге чейин эле алдын ала камсыздоо чараларын көрүү үчүн сотко кайрылууга уруксат берүүнү сунуштайт.
Ал үчүн арыз ээси болжолдуу талаптарды жана мүлктү жоготуу коркунучун тастыктаган документтерди жана маалыматтарды тапшырышы керек болот.
Чечимди сот кабыл алат. Чектөөлөрдү колдонуу автоматтык түрдө болбойт, ал эми алардын көлөмү болжолдуу талаптардын жана соттук чыгымдардын өлчөмүнөн ашпоого тийиш.
Камсыздоо чаралары кабыл алынгандан кийин арыз ээси он жумуш күнүнүн ичинде доо арыз берүүгө милдеттүү болот.
Эгер ал муну жасабаса, сот чектөөлөрдү токтоосуз жокко чыгарууга тийиш болот.
Мүлкүнө камсыздоо чаралары колдонулган жаран чечимге даттанып, чектөөлөрдү жокко чыгарууну же алмаштырууну талап кыла алат, ал эми негиздер болгон учурда келтирилген чыгымдарды өндүрүп ала алат.
Тергөөчүлөргө мүлк тууралуу маалыматтарды кароо үчүн 24 саат берилет
Ошондой эле тергөөчүлөрдүн жабырлануучулардын кайрылууларына чара көрүү тартибин өзгөртүү сунушталууда.
Эгер жабырлануучу кийин зыяндын ордун толтуруу үчүн камакка алууга боло турган конкреттүү мүлк тууралуу кабарласа, тергөөчү бул маселени токтоосуз, бирок 24 сааттан кечиктирбестен кароого тийиш болот.
Жетиштүү негиздер болгон учурда ал прокурордун макулдугу менен тергөө судьясына мүлктү камакка алуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылат.
Эгер негиздер жок болсо, тергөөчү жүйөлүү токтом чыгарып, жабырлануучуга даттануу тартибин түшүндүрүп берүүгө милдеттүү болот. Мындан тышкары, жарандык-укуктук талаштар боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуу негиздерин тактоо сунушталууда.
Эгерде арыз ээси алдамчылык тууралуу конкреттүү маалыматтарды келтирсе, жазуу жүзүндөгү келишимдин бар болушу же талаштын сотто каралышы кылмыш жөнүндө билдирүүнү текшерүүнү автоматтык түрдө жокко чыгарбашы керек.
Куруучуларга акчаны мыйзамсыз тарткандыгы үчүн айып пул салуу сунушталууда
Мыйзам долбоору, эгерде мындай каттоо милдеттүү болсо, куруучуну жана тиешелүү объектти Курулуп жаткан объекттердин реестрине киргизгенге чейин курулуп жаткан кыймылсыз мүлктү сатып алуучулардын каражаттарын тарткандык үчүн жоопкерчиликти карайт.
Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, мындай тажрыйба батирлерди жана башка кыймылсыз мүлк объекттерин сатып алуучулар үчүн тобокелдиктерди жаратат, ошондой эле куруучулардын ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун көзөмөлдөөнү кыйындатат.
Эреже бузуу үчүн төмөнкүдөй айып пулдарды белгилөө сунушталууда:
- жеке жактар үчүн — 10 миң сом;
- юридикалык жактар үчүн — 100 миң сом.
Мындай жоопкерчилик куруучунун аракеттеринде кылмыштын белгилери жок болгон учурда колдонулат.
Зыяндын ордун толтуруу дайыма эле кылмыш-жаза жоопкерчилигинен кутулууга мүмкүндүк бербейт
Дагы бир түзөтүү келишимдик милдеттенмелерди атайылап аткарбоого байланышкан алдамчылык үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотууга тиешелүү.
Эгер күнөөлүүнүн аракеттеринде башка кылмыштын белгилери жок болсо, ар бир жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун ыктыярдуу түрдө толук толтурганда бошотуу мүмкүнчүлүгүн КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрү боюнча гана сактап калуу сунушталууда.
Бул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө каралган кыйла оор кылмыштарга карата атайын бошотуу жайылтылбайт. Ошол эле учурда зыяндын ордун ыктыярдуу түрдө толтуруу сот тарабынан жеңилдетүүчү жагдай катары эске алынышы мүмкүн.
Анара Мамытова