Кубакы ашуусунда жол кырсыктан бир адам каза болду – сүрөт
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгынын кесепетинен 1 адам каза болуп, 1 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жол кырсыгы бүгүн, 23-декабрда таңкы саат үчтөр чамасында болгон. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 180-чакырымында (Кубакы ашуусу) Skoda Octavia үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, бетон тосмону сүзгөн.
Жол кырсыгынын кесепетинен 1 адам жеринде каза болуп, 1 адам жабыркаган (аты-жөнү такталууда). Окуя болгон жерге төрт куткаруучу барган. Алар маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарып, тез жардам кызматынын дарыгерлерине өткөрүп беришкен.
[image_carousel source=”media: 116120,116123,116122,116121″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]