Сузак: 9 жаштагы Сумаяны өлтүргөн жаран кармалды

Сузак: 9 жаштагы Сумаяны өлтүргөн жаран кармалды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дайынсыз болуп, кийин жансыз денеси табылган Сумая Хосилжанованы өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектелип Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну 1973-жылы туулган У. А. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Шектүү Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлеринин жүргүзгөн иштеринин натыйжасында табылган.

“Сурак учурунда шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, Сумаяны мектепке бара жатканда  азгырып үйүнө ээрчитип кеткендигин айткан. Ошондой эле ал кызды үч-төрт күн үйүнүн жер төлөөдө колу-бутун скотч менен байлап кармагандыгын, анын денесин мууздап, өлүп калгандан кийин мүшөккө салып барып, дарыянын жээгине ыргытып салгандыгын, анын кийим-кечектерин толугу менен өрттөп салгандыгын билдирген. Учурда толугу менен тергөө, иликтөө амалдары жүрүүдө.

Аталган кылмышка шектүү 1973-жылы туулган У. А. Сузак районундагы айылдардын биринде жашап жүргөн.  Он жыл мурда үй-бүлөөсү кетип калгандыгы жана ал үйүндө жалгыз жашап жүргөндүгү такталды”, — деп жазылат маалыматта.

Тергөөнүн  жүрүшү менен Жалал-Абад ОИИБнын Басма сөз кызматы аркылуу кошумча маалыматтар берилет.

Милиция: 9 жаштагы Сумая атайылап өлтүрүлүшү мүмкүн

Жалал-Абад: 9 жашар Сумая окууга кеткен боюнча жок

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>