ДССУ балдарды COVID-19га жапырт эмдөөгө каршы

ДССУ балдарды COVID-19га жапырт эмдөөгө каршы

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму балдарды жана өспүрүмдөрдү COVID-19га каршы жалпы эмдөөнү сунуш кылбайт. Бул тууралуу Иммунизация боюнча эксперттердин стратегиялык консультациялык тобунун отурумунун жыйынтыгы боюнча билдирүүдө айтылат.

Документте белгиленгендей, бул куракта олуттуу ооруга чалдыккан учурлар аз жана мындан тышкары, бир катар өлкөлөрдө калктын жогорку тобокелдик топторунун катмарлары толук эмдөөдөн өтө элек.

«Учурда ДССУ балдарды жана өспүрүмдөрдү универсалдуу эмдөөнү сунуш кылбайт, анткени бул курак топторундагы оор оорулардын жүгү анча чоң эмес, ал эми катуу ооруга чалдыгуу коркунучу бар топтордун арасында эмдөөнүн жогорку камтылышы бардык өлкөлөрдө азырынча жетишилген эмес». деп баса белгиленет документте.

Эске салсак, ноябрда Кыргызстандын Саламаттык  сактоо министрлиги 16-18 жаштагы өспүрүмдөрдү эмдөө боюнча чечим чыгарган.

Тэги: ДССУ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>