Жээнбек Кулубаев КМШ мамлекеттеринин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катыштыАдылбек Касымалиев Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору менен жолугуштуКыргызстанда майыптуулугу бар кыз-келиндерди зомбулуктан коргоо боюнча семинарлар өтүүдөЭнергетика министрлиги: Токтогул ГЭСин жаңылоо иштери аяктоо алдындаБШК: Талапкерлер шайлоочуларга белек бербеши керек, үгүт иштери 10-ноябрга чейин тыюу салынатКоргоо министрлигинде кадрдык өзгөртүүлөр болду
Курманбек Дыйканбаев эки айга камакка алынды
27.11.2020 | 10:59
Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына эки айга камалды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алганын УКМКдан билдиришти.
Курманбек Дыйканбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча 24-ноябрда кармалган.
УКМКнын маалыматына караганда, ал октябрдагы парламенттик шайлоо учурунда кайсы бир саясий партиянын кызыкчылыгын көздөп, стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишканалардын биринин жетекчисин коркутуп 7 млн сомдон ашык каражат алып, акчаны шайлоо өнөктүгүндө көп добуш алууга жумшаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар