Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Куршаб дарыясынан жаш келиндин жансыз денеси табылды
25.12.2020 | 09:48
Куршаб дарыясынын жээгинен жаш келиндин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 25-30 жаштагы аял кишинин жансыз денеси Өзгөн районунун Лесхоз айылындагы Куршаб дарыясынын жээгинен кечээ, 24-декабрь күнү саат 16:00дөр чамасында табылган. Милицияга жансыз дене тууралуу 102 номуру аркылуу кабарлашкан.
Окуя болгон жерге ӨКМнын куткаруучулары тартылып, аялдын жансыз денесин суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар