«Кыргыз чоролору» Кыргызстандын жаңы аймактык бөлүнүш картасын сунушташты

«Кыргыз чоролору» Кыргызстандын жаңы аймактык бөлүнүш картасын сунушташты

«Кыргыз чоролору» коомдук бирикмеси Кыргызстандын жаңы администрациялык картасын сунушташты. Жаңы картанын сүрөтүн бирикменин төрагасы Замирбек Кочкорбаев “Фейсбуктагы” баракчасына жайгаштырды.

«Кыргыз чоролору» коомдук бирикмеси Кыргызстанды облуска эмес, аймакка бөлүү демилгелеген.

«Азыркы мезгилде Кыргызстанда төрт тепкичтүү башкаруу орун алып, 7 облус, облустук маанидеги Ош, Бишкек шаары, андан тышкары 24 шаар, 40 район, 443 айыл аймагы жана 31 шаарча бар.
Биз үч тепкичтүү башкарууну сунуштайбы. Айыл өкмөтү, аймак, Республика. Бишкек, Ош шаарын кошкондо 15 аймак, 270 айыл өкмөттүн жана 13 шаарча болот», — деп жазган ал.

Мындан тышкары Кочкорбаев бул карта 2015-жылы өкмөткө сунушталганын белгилеп өткөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>