Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрмө бекеттер 3 күнгө жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Кытайда Жаз майрамы белгилене тургандыктан, коңшу өлкөнүн демилгеси менен «Торугарт – унаа жол» жана «Эркечтам – унаа жол» көзөмөл-өткөрмө бекеттери 29нан 31-январга чейин жабык болот.
Өткөрмө бекеттер 1-февралдан тарта кайра иштей баштайт.