Кыргызстандын элчилиги Орусия ТИМине нота жөнөттү: кыргызстандык алдамчылыкка кабылганБир жылда 304,9 миң кыргызстандык насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу кызматынан пайдаланганДастан Бекешев: Бишкектеги күркөлөргө тыюу салуу ири соода түйүндөрүнө гана пайдалууКриштиану Роналду Португалия курамасындагы карьерасын аяктаганын жарыяладыКыргызстандагы баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүүгө 15 млн доллар бөлүнөтАлдамчылыкка айыпталган жаран Грузияда кармалып, Кыргызстанга экстрадицияланды
Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрмө бекеттер 3 күнгө жабылат
27.01.2025 | 13:41
Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрмө бекеттер 3 күнгө жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Кытайда Жаз майрамы белгилене тургандыктан, коңшу өлкөнүн демилгеси менен “Торугарт – унаа жол” жана “Эркечтам – унаа жол” көзөмөл-өткөрмө бекеттери 29нан 31-январга чейин жабык болот.
Өткөрмө бекеттер 1-февралдан тарта кайра иштей баштайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом