Бишкекте чет элдик жаран милицияга пара берип жаткан учурда кармалдыЖарым жылда айыл чарбасы менен ишкердикти колдоого 6,7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилгенКыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия канчага көбөйөт — сандарКыргызстандын 20 мамлекеттик кызматкери Жапонияда жогорку билим алатКазакстандын Коргоо министрлиги казакстандыктарды аскердик техниканын кыймылы тууралуу эскерттиТИМ: Түндүк Кипрде жабыркаган кыргызстандыкка кайрадан операция жасалат
УКМК Социалдык фонддун кызматкерин кармады
27.01.2025 | 13:25
Социалдык фонддогу системалуу коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалым болгондой, Социалдык фонддун кызмат адамдары “Чернобыль союзунун ардагерлери жана майыптары” коомдук бирикмесинин пенсионерлеринин жасалма архивдик маалымкаттарын пайдаланып, бир жолку кенемте төлөө үчүн деп бюджеттен ири өлчөмдө акча чыгарган схема уюштурганы аныкталган.
Шектүү катары фонддун Аудит башкармалыгынын башкы аудитору М.Б. кармалган.
Учурда бул схемага катышы бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом