Кыргыз тасмасы Таллиндеги белгилүү «Караңгы түндөр» кинофестивалына катышат

Кыргыз режиссёру Аманбек Ажыматтын «Шерменделик карнавалы» аттуу дебюттук тасмасы «Tallinn Black Nights Film Festival» эл аралык «А» класстагы кинофестивалынын дебюттук фильмдер программасына тандалды. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Кинофестиваль үстүбүздөгү жылдын 7–23-ноябрында Эстониянын Таллин шаарында өтөт.
«Backstage Madness» («Шерменделик карнавалы») — чыгармачылык эркиндик менен коммерциялык талаптардын кагылышын чагылдырган, 70 жаштагы режиссёрдун ички күрөшү тууралуу фильм. Тасма TAZAR кинокомпаниясы тарабынан Маданият министрлигине караштуу Кинематография департаментинин колдоосу менен тартылган.
Белгилей кетсек, Tallinn Black Nights Film Festival — Түндүк Европадагы эң ири жана дүйнөдөгү «А» класстагы фестивалдардын бири.