Өкмөт жыгачты ЕАЭБден сырткары ташып чыгууга тыюу салууну узартты2025-жылы Кыргызстанда 715 млн долларга 119 өнөр жай объектиси ишке киргизилдиКыргызстанда үч жогорку окуу жай Кыргыз улуттук университетке кошулат. Өкмөт токтом кабыл алдыКыргызстандын түштүгүндө эки көмүр кени ишке кирдиПакистандан келе жаткан 21 тонна уй эти өлкөгө киргизилген жокБишкекте жана аймактарда күн сайын өтүүчү Жаңы жылдык жарманкелер уюштурулууда
Кыргыз-тажик чеги: Сүйлөшүүдө эки тарап 5 чечим кабыл алды
14.06.2022 | 19:02
Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде кырдаал саат 17:30га карата чыңалуу бойдон калууда. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Булак-Башы жерлигинде Кыргызстандын Баткен багыты боюнча жана Тажикстандын Согди багытындагы чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу аяктады.
Тараптардын ар бири болуп өткөн куралдуу окуя боюнча өз дооматтарын билдиришти. Кыргыз тарап кырдаалды курчуткан тажик чек арачыларына карата жүйөлүү аргументтерди келтирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки республиканын чек ара өкүлдөрү төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алышты:
- Булак-Башы жерлигиндеги чек ара кезметтеринин жүрүү маршруттарын тактоо;
- Окуя болгон жерге тартылган кошумча күч жана каражаттарды алардын туруктуу жайгаштыруу пункттарына кайтарууга;
- “Булак-Башы” (Кыргызстан) жана “Кех” (Тажикстан) чек ара постторунун башчылары күн сайын жолугуп, кырдаал боюнча маалымат алмашууга милдеттендирүүгө;
- Тараптарды мурда казылган траншеяларды көмүүгө милдеттендирүүгө;
- Жер участоктору чек арага жакын жайгашкан жарандардын айыл чарба иштерин жүргүзүүсүнө тоскоолдук жаратпоого.
Жакынкы аралыкта эки республиканын чек ара делегацияларынын дагы бир жолугушуусу күтүлүүдө.