Сузакта 15 жашар бала дайынсыз жоголду

Сузакта 15 жашар бала дайынсыз жоголду

Сузак районунун Винсовхоз айылынын 2007-жылы туулган тургуну Султанбаев Абдумалик,  3-июнь күнү саат 10.30 чамаларда үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жок болууда. Жалал-Абад облустук милиция жарандарды издешүүгө чакырат.

Маалыматка караганда, учурда Султанбаев Абдумаликтин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: бою 140-150 см, кара тору орто бойлуу, чачы сары узун, ак жүздүү, кашы көзү кара, дене түзүлүшү арыкчырай. Бираз кекечтенип сүйлөйт.

Кийген кийимдери: үстүндө ак түстөгү футболка, көк түстөгү шорта, бутунда кара түстөгү красовкачан болгон.

«Дайынсыз болуп жаткан Султанбаев Абдумалик боюнча кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.

Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз» — деп айтылат билдирүүдө.

Тел.: 03722-7-39-90, 102, 0553780078, 0771936070

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>