Туристтер, студенттер: Москвада «Амина» тиркемесин колдонууга тийиш болгон мигранттардын чөйрөсү кеңейтилетБишкектин 10-кичи районунун бир бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөт9-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуОш шаарында 249 орундуу заманбап Перинаталдык борбор курулуудаБишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылатОшто жаңы сквер жана сейил бак курулууда
Кыргызстанда буудай жана кант кызылчасын айдоо азайды
14.06.2022 | 17:44
Кыргызстанда буудай жана кант кызылчасы тиешелүүлүгүнө жараша 13,1% жана 12,1% азайган. Маалыматты Улуттук статистикалык комитети жарыялады.
23-майга карата жаздык эгиндин жалпы аянты 5 гектарга көбөйдү. Өсүү пахта эгиндерин – 9,5%, жаздык арпаны – 9%, май өсүмдүктөрүн – 4% жана картошканы 3% көбөйтүүнүн эсебинен камсыз кылынды.
Муну менен катар жаздык буудайдын (-13,1%), буурчак өсүмдүктөрүнүн (-5,5%) жана кант кызылчасынын (-12,1%) айдоо аянттары кыскарган.
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өсүүсү Чүй облусунда 6,5%га, Баткен облусунда 5,4%га жана Нарын облусунда 4,8%га белгиленди.