Бишкектин Калинин көчөсүндөгү көпүрө оңдоо иштерине байланыштуу жабылатКожомкул атындагы спорт сарайына заманбап бассейн салынатМихаил Шайдоров Казакстанга фигуралык муз тебүү боюнча Олимпиаданын алтын медалын алып келди15-февралга карата аба ырайыЖашы жете электи зордуктоого шектелгендерди жоопкерчиликтен бошоткон. Кеминде Тергөө кызматынын башчысы кармалдыИшкерлерден акча талап кылып жүргөн. Ошто жалган милиция кызматкери кармалды
Кыргыз-тажик чек арасы: Үчүнчү жерде ок атышуу башталды
14.09.2022 | 15:42
Бүгүн, 14-сентябрь саат 15:08ге карата кыргыз-тажик чек арасынын Баткен районунун Паскы-Арык тилкесинде ок атышуу башталды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Тажикстан тарап “Самаркандек” тозотундагы чек арачыларга ок чыгарып, кыргызстандык чек арачылар жооп иретинде ок аткан.
“Кезектеги ок атышуу башталды”, – деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, бүгүн, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы Булак-Башы жергесинде чыр чыккан. Ок атышуунун айынан кыргызстандык эки аскер кызматкери жараат алды. Андан кийин саат 14:00дөрдө Тажикстандын чек арачылары Как-Сай жергесиндеги “Достук” тозотуна ок чыгарып, ок атышуу 14:40та токтогон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом