Кыргыз-тажик чек арасы: Тажикстандын жарандары ИИМ кызматкерине кол салды
Бүгүн, 24-июлда кыргыз-тажик чек арасында чек арага канатташ аймактардын тургундары ортосунда чыр-чатак чыкты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кыргызстандын жарандары – Ак-Сай айылынын Д.Ж. жана Д.А. аттуу тургундары өз унаасында Ак-Сай – Көк-Таш жолунда бара жатышкан. Ошол маалда аталган жол менен Тажикстандын жарандарына таандык 8 унаадан турган колонна Ворух (ТР) анклавынан Кожалы (Хожаи-Аъло) айылына бараткан. Тажикстандын жарандары өзүнүн унаалары менен Кыргызстандын жарандарынын унаасынын жолун кесишкен.
“Мунун кесепетинен Дача жергесинде жогоруда аталган Кыргызстандын менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда мушташ чыккан. Чыр-чатак күчөп кетпеши үчүн окуя болгон жерге Кыргызстандын ИИМнин аймактык бөлүмүнүн кызматкери келген.
Бирок ал кызматкер окуя болгон жерге келгенде Тажикстандын жарандары – Ходжаи-Аало айылынын тургундары ага кол салышкан. Кыргызстандын ИИМнин кызматкери ал жерден качып чыкканга жетишкен, Тажикстандын жарандары аны сабаганга аракет кылып, автоунаасынын артты көрсөткөн күзгүсүн сындырган”, – деп билдирет Чек ара кызматы.
Учурда Кыргызстандын Баткен тилкеси боюнча жана Тажикстандын Исфара тилкеси боюнча чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү жүрүп жатат.
“Кыргызстандын бардык күч түзүмдөрү жана укук коргоо органдары кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жагдайды турукташтыруу үчүн тийиштүү чараларды көрүшүүдө. УКМК Чек ара кызматы жарандарды дүрбөлөңгө түшпөй, бардык маалыматты мамлекеттик органдардан тактоого чакырат”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз