Кыргызстандык спортчулар дүйнөлүк студенттер оюндарына катышат

Кыргызстандык спортчулар дүйнөлүк студенттер оюндарына катышат

24-июлда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев XXXI Бүткүл дүйнөлүк студенттер оюндарына (Универсиада) катыша турган Кыргызстандын курама командасы менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын курама командасына ар кайсы университеттерден 16 спортчу жана 4 машыктыруучу бар.

Министр Каныбек Иманалиев буга чейин тарыхта Универсиадада ийгилик жараткан улан-кыздар бар экенин айтып, Бүткүл дүйнөлүк студенттер оюндарына катышуу — бул бир жагынан чоң сыймык болсо, экинчи жагынан чоң жоопкерчилик экенин белгиледи.

“2013-жылы Казань шаарында бел боо күрѳшү боюнча Нурбек Аканов жана Нурбек Кожобеков 1-орунду алса, 2018-жылы Кытайда жеңил атлетика боюнча Дарья Маслова 1-орунду алган. Эл аралык спорттук аренадагы жеңиштер биздин өлкөгө болгон сыймыктанууну арттырып, жаштарды патриоттуулукка тарбиялоодо бекем пайдубал болуп берет. Ар бириңер күжүрмөн эмгек жана аракет менен бул оюндарга катышуу мүмкүнчүлүгүн алдыңар. “Чэндуда ар бир кыял орундалат” деп Универсиаданын ураанында айтылгандай, силердин дагы кыялыңар орундалып, чемпион аталыңыздар”, — деди министр.

Кытайдын Чэнду шаарында өтө турган Бүткүл дүйнөлүк студенттер оюндарына кыргызстандык спортчулар спорттун 5 түрү боюнча катышат:

— жеңил атлетика;

— дзюдо;

— стол тенниси;

— таэквондо;

— ок атуу.

Билим берүү жана илим министрлиги Универсиадага студенттердин катышуусу үчүн 1 млн сом бөлүп берди. Бул каражаттар алардын тамак-аш, жатакана жана аккредитациясына жумшалат.

Ошондой эле спортчуларды авиабилет жана атайын спорттук формалар менен камсыздоо үчүн Дене тарбия жана спорт департаменти тарабынан 2 млн сом, Кыргызстандын Республикалык студенттик федерациясы тарабынан 600 миң сом жумшалды.

Белгилей кетсек, жайкы Бүткүл дүйнөлүк студенттер оюндары 2023-жылдын 28-июлунан 8-августуна спорттун 18 түрү боюнча өтөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>