Кыргыз-тажик чек арасы: Тажикстандын жарандары ИИМ кызматкерине кол салды

Кыргыз-тажик чек арасы: Тажикстандын жарандары ИИМ кызматкерине кол салды

Бүгүн, 24-июлда кыргыз-тажик чек арасында чек арага канатташ аймактардын тургундары ортосунда чыр-чатак чыкты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын жарандары — Ак-Сай айылынын Д.Ж. жана Д.А. аттуу тургундары өз унаасында Ак-Сай — Көк-Таш жолунда бара жатышкан. Ошол маалда аталган жол менен Тажикстандын жарандарына таандык 8 унаадан турган колонна Ворух (ТР)  анклавынан Кожалы (Хожаи-Аъло) айылына бараткан. Тажикстандын жарандары өзүнүн унаалары менен Кыргызстандын жарандарынын унаасынын жолун кесишкен.

«Мунун кесепетинен Дача жергесинде жогоруда аталган Кыргызстандын менен  Тажикстандын жарандарынын ортосунда мушташ чыккан. Чыр-чатак күчөп кетпеши үчүн  окуя болгон жерге Кыргызстандын ИИМнин аймактык бөлүмүнүн кызматкери келген.

Бирок ал кызматкер окуя болгон жерге келгенде Тажикстандын жарандары — Ходжаи-Аало  айылынын тургундары ага кол салышкан. Кыргызстандын ИИМнин кызматкери ал жерден качып чыкканга жетишкен, Тажикстандын жарандары аны сабаганга аракет кылып, автоунаасынын артты көрсөткөн күзгүсүн сындырган», — деп билдирет Чек ара кызматы.

Учурда Кыргызстандын Баткен тилкеси боюнча жана Тажикстандын Исфара тилкеси боюнча чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү жүрүп жатат.

«Кыргызстандын бардык күч түзүмдөрү жана укук коргоо органдары кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жагдайды турукташтыруу үчүн тийиштүү чараларды көрүшүүдө. УКМК Чек ара кызматы жарандарды дүрбөлөңгө түшпөй, бардык маалыматты мамлекеттик органдардан тактоого чакырат», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>