Бишкекте мотоцикл, скутер жана мопед айдоочуларына карата рейддер башталдыЖергиликтүү продукция деп сатылган кытай картошкасы: Кыргызстанда рейддер башталатИИМ: «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупция боюнча кылмыш иши козголдуЕЭК Кытайды евразиялык логистиканын ачкычы деп атадыӨзбекстан импорттоочулардын массалык дооматтарынан улам жашылча экспортун көзөмөлдөө тутумун өзгөртүүдөТрамп Ирандагы аскердик операциядан улам Си Цзиньпин менен жолугушууну бир айга жылдырууну суранды
Кыргыз-тажик чек арасындагы “Бор-Дөбө-автожол” өткөрүү жайы убактылуу жабылды
11.05.2024 | 12:36
Бүгүн, 11-майда “Бор-Дөбө-автожол” өткөрүү жайында техникалык жумуштар жүрө тургандыгына байланыштуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, өткөрүү жайы саат 16:00дон баштап 12-майда саат 09:00го чейин жабылат.
Көп тараптуу “Бор-Дөбө-автожол” көзөмөл өткөрүү жайы Ош облусунун Алай районунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар