Азия чемпионаты: грек-рим күрөшү боюнча үч кыргызстандык балбан финалга чыктыКыргызстандын гуманитардык жардамы Иранга жеттиКыргызстанда 243 миңден ашык адам кредит алууга өзүнө тыюу салды — Улуттук банкМанаста жаштар форумунун 100дөн ашуун катышуучусу чогулат7-апрелге карата аба ырайыСадыр Жапаров жабыркаган аскер кызматкеринин ишин жеке көзөмөлүнө алды
“Кыргызалтынга” жаңы жетекчилер дайындалды
02.09.2022 | 18:34
Элдияр Калдарбеков «Кыргызалтын» ААКтын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.
Эске салсак, 2022-жылдын 2-сентябрында төрага Жарасул Абдураимов жетектеген «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Министрлер Кабинетинин Аппаратынын жетекчиси менен макулдашуу боюнча, мыйзамдын бардык жол-жоболоруна ылайык, 2022-жылдын 2-сентябрында Элдияр Калдарбеков «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды.
Анын орун басарлары да дайындалды: Кубанычбек Турдукожоев, Куанышбек Рисбаев жана Бекмурза Өмүралиев.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат