«Кыргызэлектроника» ишканасы жаңы үлгүдөгү принтерди чогулта баштады

«Кыргызэлектроника» ишканасы жаңы үлгүдөгү принтерди чогулта баштады

«Кыргызиндустрия» ААКсына караган «Кыргызэлектроника» ишканасы Pantum M 6500/KG жаңы принтерин чогулта баштады. Бул тууралуу «Кыргызэлектрониканын» башчысы Илья Черный билдирди.

Анын айтымында, ишкана буга чейин PantumM7108DM/KG үлгүсүндөгү принтерди чыгарып келген. Эми көп функциялуу жабдыктардын (басып чыгаруу, көчүрмө, сканирлөө) катары жаңы үлгүдөгү принтер менен толукталды.

«Биздин продукция «KG» деп белгиленет жана анын сапаты негизги өндүрүүчүнүн көзөмөлүндө турат. Биз чыгарган жабдыктардын сапаты дүйнөдөгү башка аналогдорунан айырмаланбайт. Ошондой эле биздин продцукциянын баа жагынан артыкчылыгы бар (баасы арзан)», — дейт ал.

Ал билдиргендей, алар притерлерди ke.kg сайты аркылуу сатышат. Ал жакта бардык байланыш номерлерди табууга болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>