«Кыргызнефтегаз» ОПЕКтен 30 млн доллар өлчөмүндө бюджеттик насыя алат

29.01.2026 | 14:26

Жогорку Кеңеш «Туруктуу жана инклюзивдүү өсүүнү өнүктүрүүнүн биринчи программасы» насыялык макулдашуусун ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Документке 2025-жылдын 22-сентябрында Кыргызстан менен ОПЕКтин Эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосунда кол коюлган.

Макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасы беш жылдык жеңилдетилген мезгилди эске алуу менен, жылдык үстөгү 1,25% болгон 30 миллион долларды 20 жылдык мөөнөткө алат.

Каражат «Кыргызнефтегаз» ААКна төрт жылдык жеңилдетилген мезгил менен, жылдык үстөгү 1% болгон бюджеттик насыя түрүндө 8 жылга берилет. Финансы министринин орун басары Нурбек Акжоловдун айтымында, бул каражаттын эсебинен компания өндүрүштү модернизациялап, мунай продуктуларынын импортунун көлөмүн азайта алат. Бул өз кезегинде өлкөнүн экономикасына оң таасирин тийгизет.

Scroll to Top