Кыргызстан Дания менен кызматташууну арттырууга кызыкдар

20.09.2023 | 09:35

19-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Даниянын тышкы иштер министри Ларс Расмуссен менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн кызматташуу маселелерин талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну активдештирүү керектигин белгилешкен. Андан тышкары эл аралык уюмдардын жана Евробиримдиктин алкагында кызматташуу маселелерин талкуулаган.

“Жолугушууда экономикалык кызматташтыкты арттыруунун, эле маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгү баса белгиленди. Буга байланыштуу министр Жээнбек Кулубаев даниялык тарапка Тышкы иштер министрликтер аралык консультацияларды өткөрүү, келечекте эки тараптуу кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссияны түзүү, биргелешкен бизнес-форумдарды уюштуруу, ошондой эле билим берүү тармагында кызматташууну орнотуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады”, – деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top