ИИМ башчысы Ниязбеков кытайлык кесиптеши менен жолукту

ИИМ башчысы Ниязбеков кытайлык кесиптеши менен жолукту

Ички иштер министри милициянын Улан Ниязбеков Кытайга иш сапары менен барды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Иш сапардын алкагында Ниязбеков Кытайдын коомдук коопсуздук министри Ван Сяохун менен жолугушкан. Ошондой эле, ал 2023-жылдагы Коомдук коопсуздук боюнча кызматташтыктын глобалдык форумуна (GPSCFL) катышууда.

Эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын жетекчилеринин жолугушуусу Цзянсу провинциясынын Ляньюньган шаарында өткөн. Анда коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү жаатындагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары талкууланган.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кылмыштуулуктун түрлөрү, анын ичинде чек аралардагы уюшкан кылмыштуулук, экстремизм жана баңгизатка каршы күрөшүүдө биргелешип аракет көрүү зарыл экени айтылган.

«Азыркы убакта уюшкан кылмыштуулук, экстремизм жана баңгитрафиги бир мамлекеттин аракеттери менен дээрлик жеңилгис. Алар менен күрөшүү көптөгөн өлкөлөрдүн, айрыкча чек арага жакын жана коңшу мамлекеттердин укук коргоо органдарынын биргелешкен, макулдашылган аракеттерин талап кылат.

Бул контекстте, биздин министрликтер ортосунда узак мөөнөткө кызматташуунун кеңейтилген планын иштеп чыгууну сунуш кылам. Бул бизге биргелешкен иш — чараларды белгилөөгө, тактап айтканда, тажрыйба алмашууга жана биргелешкен окууларды уюштурууга мүмкүндүк берет», — деген Ниязбеков.

ИИМден билдиришкендей, жолугушуу учурунда эки тараптын өкүлдөрү кылмыштуулук менен күрөшүүдө заманбап ыкмаларды жана технологияларды киргизүүгө даяр экенин белгилеген. Укук коргоо тармагында кадрларды даярдоого жана окутууга көңүл буруу зарыл экени айтылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>