Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын энергетика жана суу ресурстары министрлери Сыр-Дарыя дарыясынын бассейниндеги суу-энергетикалык ресурстарды 2025-жылдын вегетация мезгилине карата биргелешип пайдалануу боюнча протоколго кол коюшту. Макулдашуу Ташкент шаарында өткөн энергетика боюнча эл аралык форумдун алкагында түзүлдү.
Бул документ үч өлкөнүн суу ресурстарын тең салмактуу бөлүштүрүү, гидрологиялык абалга жараша жоопкерчиликтүү башкаруу жана Борбордук Азиядагы энергетикалык системалардын туруктуу иштешин камсыздоо багытындагы туруктуу кызматташуусунун алкагында маанилүү кадам катары бааланууда.
Казакстандын Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, ар жыл сайын вегетация мезгилинде мындай протоколдорду кабыл алуу аймактагы суу-энергетикалык тең салмакты камсыздоого өбөлгө түзөт.
— «Үч тараптуу кеңешмелерди үзгүлтүксүз өткөрүү жана протоколдорго кол коюу бизге суу-энергетика ресурстарын башкарууда системалуу жана узак мөөнөттүү мамиле калыптандырууга шарт түзөт», — деп билдирди Казакстандын Энергетика министри Эрлан Аккенов.
Жолугушуу учурунда тараптар Камбар-Ата ГЭС-1 сыяктуу стратегиялык долбоорлор боюнча консультацияларды да улантып жатышканын белгилешти. Ошондой эле Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжандын катышуусунда Каспий энергетикалык коридорун түзүү боюнча кызматташтык маселелери да күн тартибинде турат.
Бул үч тараптуу протокол Борбор Азиядагы регионалдык энергетикалык коопсуздукту жана суу ресурстарынын натыйжалуу башкарылышын камсыз кылуу багытындагы жаңы кадам катары кабыл алынууда.