ФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюштуТүрк мамлекеттери саламаттык сактоо боюнча 2026–2027-жылдарга план бекитиштиКыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жеттиӨлкөдө күн ачык болот: 3-октябрга карата аба ырайынын божомолу
Айдоо жерлерди турак жай салууга алдап сатып жиберген учурлар көбөйгөнү айтылды
16.05.2025 | 13:11
Акыркы убакта айыл чарба багытындагы жерлерди турак жай салууга жарактуу деп көрсөтүп, мыйзамсыз сатуунун учурлары көбөйүүдө. Бул тууралуу Жер ресурстары агенттиги билдирди.
Агенттиктин маалыматында, жогорудагы алдамчылыктын натыйжасында жарандар миллиондогон сомдорго зыянга учурап жатышат.
Агенттик жер тилкесин сатып алардан мурун төмөнкү жагдайларга сөзсүз көңүл бурууну эскертти:
- жердин максаттуу багыты;
- менчик укугу жана каттоо даректери;
- бардык расмий документтердин болушу.
Ошондой эле жер сатып алууда расмий мамлекеттик органдарга гана кайрылуу керектиги, ошондой эле жердин статусун “Tunduk” тиркемесиндеги Мамлекеттик жер ресурстары агенттигинен (“Кадастр”) же аймактык бөлүмдөрдөн текшерүү керектиги айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом