Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
Кыргызстан Казакстандан чек араны ачууну суранды
16.03.2022 | 17:12
Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев менен жолукту. Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы кыргызстандыктар үчүн жабык турган чек ара бекеттерин ачуу маселеси болду.
Ушул тапта Кыргызстан жарандары коңшу өлкөгө учак аркылуу гана каттай алышат. Ошол эле маалда казакстандыктар Кыргызстандын аймагына ээн-эркин киришет, алар үчүн чек ара өткөрмө бекеттеринде эч кандай чектөө жок.
Расмий билдирүүдө казак элчиси буга кандай жооп кайтарганы айтылган эмес.
Сүйлөшүү учурунда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев быйыл Кыргызстанга расмий сапар менен келери белгилүү болду.
Казак президенти Бишкекке качан келери так айтылган жок.