Жыл башынан бери Бишкекте жол кырсыгынан 5 жаш бала каза болдуКыргызстандын президентин шайлоого 1,2 млрд сом сарптоо пландалууда — БШКМектептин 8- жана 1-класстары үчүн «Математика» предмети боюнча окуу китептери басылып чыктыКР МСК «Айсалык» жасалма интеллект-кеңешчиси бар жаңы сайтын ишке киргиздиЧүйдө 40,5 млн сомдук алтынды аткезчилик жол менен алып чыгууга аракет кылган шектүүлөр кармалды«Газпром Кыргызстан» 30-сентябрда карызы бар абоненттердин газын өчүрөт
Кыргызстан Казакстандан чек араны ачууну суранды
16.03.2022 | 17:12
Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев менен жолукту. Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы кыргызстандыктар үчүн жабык турган чек ара бекеттерин ачуу маселеси болду.
Ушул тапта Кыргызстан жарандары коңшу өлкөгө учак аркылуу гана каттай алышат. Ошол эле маалда казакстандыктар Кыргызстандын аймагына ээн-эркин киришет, алар үчүн чек ара өткөрмө бекеттеринде эч кандай чектөө жок.
Расмий билдирүүдө казак элчиси буга кандай жооп кайтарганы айтылган эмес.
Сүйлөшүү учурунда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев быйыл Кыргызстанга расмий сапар менен келери белгилүү болду.
Казак президенти Бишкекке качан келери так айтылган жок.