Депутат Коргонбай уулу Фейсбуктагы талкуу жараткан билдирүү боюнча үн катты

Депутат Коргонбай уулу Фейсбуктагы талкуу жараткан билдирүү боюнча үн катты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин билим туурасында дипломдорун текшерип, жакында эле Жогорку Кеңештин 4 депутатынын дипломдорунан шек саналганын жарыя кылган. Жогорку Кеңештин депутаты Жусуп Коргонбай уулу Фейсбукта бирөөнө уят сөздү жазып билдирүү калтырган эле. Ал коомчулукта кызуу талкууга алынган.

“Мен кечээ жасалма диплом алган депутаттардын бири Ноокаттан экен деп жазылып жүргөнүнөн фейсбукта бирөө “Жусупбек Коргонбай уулунун диплому “самопалбы”- деп  жазганынан, сен кумду бир жериңе куюп ойноп жүргөнүңдө мен жатаканада 63 сом стипендия алып, жашап жүргөнмүн” – деп жооп берип койгом. Мына Башкы прокурор Курманкул Зулушев бир курс өйдө окуучу.

Фейктер жана манипулация жөнүндө токтом, мыйзамдарды толугу менен колдойбуз. Менде бир эле акаунтум бар. Кээ бирлердин 20-30дан фейктери бар экен дагы кимдир бирөөнү жамандагысы келсе, фейктерине кнопканы басып коёт экен, бардыгы жамандай баштайт. Муну тартипке келтиришибиз керек”- деди депутат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>