Акаев: Баарыңар мендей болуп интернетте кошомат кылгыла деп жатабыз

Акаев: Баарыңар мендей болуп интернетте кошомат кылгыла деп жатабыз

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев “сын айтып койгондордун баарын жоопко тартыш керек” – деген кесиптештерин сынга алды.

Сын айтып койгондордун баарын жоопко тартыш керек деп жатышпайбы кээ бирөөлөр. Ал боюнча мыйзам бар. “Ар бир крыгызстандык өзүнүн оюн эркин айтууга укуктуу”- деп Башкы мыйзамда жазылып турат. Мендей ойлон дагы, баарыңар мендей болуп интернетте кошомат кылгыла деп жатабыз да элдин баарын. Андай болбойт да.  Кемчилик болсо Асан же Үсөн айтып турушу керек да. Мыйзам боюнча Ички иштер министрлиги так жооп бербей койдуңар. Эгерде бирөөнү бирөө жамандап жаза турган болсо, бири арыз менен кайрылса, таап бересиңер да туурабы? Диктатуралык өлкөлөргө мүнөздүү маселелер парламенттин трибунасынан жаңырбашы керек. Ар бир сын айтып койгон кишини жоопко тартып коёбуз деген акмакчылык. Мунун түбү эмне болгонун баарыбыз билебиз да…  Мисалы, кымбатчылык болуп жатса, элдер, жок арзанчылык болуп жатат деп айтсынбы, эми. Сын пикир болсо айтып турушу керек. Бизди дагы сындайт. Сындан алыс болуунун бир гана жолу бар. Түз жүрүш керек. Ушунун баарын токтомго киргизип алып эртең сын айтып койгон блогерлерди, журналисттерди суракка чакырып жүрө беришиңер керекпи?”— деди эл өкүлү.

Жогорку Кеңеште жалган маалымат тараткан жарандарды тартипке салуу боюнча токтом долбоору талкууланып жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>