Кыргызстан Кытайдын Цзянси провинциясы менен ар тармакта кызматташууга кызыкдар

11.09.2025 | 15:57

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кытайдын Цзянси провинциясынын Элдик саясий консультативдик кеңешинин төрагасынын орун басары Чэнь Синчао баштаган делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгын өнүктүрүү келечегин, аймактар аралык байланыштарды чыңдоо маселелерин талкуулашкан.

Эдил Байсалов Кыргызстан Цзянси провинциясы менен экономика, инвестиция жана гуманитардык алмашуу тармактарында кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендигин билдирген.

Өз кезегинде Чэнь Синчао провинциянын экономикалык жана маданий потенциалын тааныштырып, аймактын жаратылыш ресурстары, өнөр жайы жана тарыхый-маданий мурастары тууралуу айтып берген. Ошондой эле ал ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирип, кыргыз тарапты Цзянсиге келип кетүүгө чакырган. 

Scroll to Top