Кыргызстан менен Өзбекстан кызматташууну тереңдетүү боюнча жол картасына кол коюшту

Кыргызстан менен Өзбекстан кызматташууну тереңдетүү боюнча жол картасына кол коюшту

Кыргызстандын министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Өзбекстандын премьер-министр Абдулла Арипов менен жолугушту.

Тараптар экономика, транспорт, суу-энергетика жана маданият тармагындагы кызматташууну талкуулашты.

Жыйынтыгында эки документке кол коюлду:

Президент Садыр Жапаровдун 2024-жылдын июль айында Өзбекстанга жасаган иш сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча жол картасы.

2017-жылдагы Аймактар ​​аралык кызматташуу келишимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол.

Кыргызстан менен Өзбекстан төмөнкүлөрдү өткөрүүнү макулдашты:

Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны.

Ишкерлер кеңеши жана ректорлордун форуму.

Эки өлкөнүн регион башчыларынын кеңешинин биринчи отуруму.

Эки тарап тең президенттердин ортосундагы ишенимдүү мамилелердин аркасында кызматташуу болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге чыкканын баса белгилешти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>