Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Кыргызстан менен Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөшүштү
08.07.2025 | 09:30

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов телефон аркылуу сүйлөшүштү. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө алар үстүбүздөгү жылдын 5-8-августунда Түркмөнстандын Аваза шаарында өтө турган Деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн (LLDC) үчүнчү конференциясына, анын ичинде Кыргызстандын делегациясынын пландалып жаткан катышуусуна даярдык көрүү маселелери талкууланды.
“Тараптар бул эл аралык иш-чараны ийгиликтүү өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, анын LLDC тобунун өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарын илгерилетүү, аймактык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү үчүн маанисин белгилешти”,- деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат