Кыргызстанда киберспортту расмий түрдө таануу сунушталуудаЭксперт Казакстандагы бийликтеги масштабдуу реформа тууралуу айтып берди: бир палаталуу парламент жана вице-президенттик кызматЖогорку Кеңеште комитеттердин ыйгарым укуктары кайра бөлүштүрүлөтКыргызстандык мугалим «КМШдагы мыкты педагог» сынагынын жеңүүчүсү болдуСокулук жана Аламүдүн райондорунда Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө иштери жүрүүдөМурдагы депутат Шайырбек Ташиев кайрадан суракка чакырылды
Кыргызстан Тажикстандын авиакомпаниясына аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат берди
04.02.2023 | 12:27
Кыргызстан, 3-февралда, Тажикстандын «Сомон Эйр» авиакомпаниясына аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат берди. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалым болгондой, аталган компания агенттикке быйыл 8-февралдан 21-мартка чейин “Дүйшөмбү – Үрүмчү – Дүйшөмбү” жана 5-февралда “Дүйшөмбү – Новосибирск – Дүйшөмбү” багыты боюнча Кыргызстандын аба мейкиндигин колдонууга уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылган. Агенттик компаниянын кайрылуусуна макулдугун берген.
Каттамдар Boeing 737-800 жана Boeing 737-900 учактары аткарат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом