Кыргызстандын банктарындагы депозиттердин көлөмү 880 млрд сомго жетти — ЕӨБТатарстанда жол кырсыгынан эки кыргызстандык жаран каза болдуМыктыбек Оролбай тарыхый рекорд жаратып, UFCде үчүнчү жеңишине жетишти17-мартта Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлөтӨКМ: Ашууларга кар көчкү түшүшү мүмкүнАдылбек Касымалиев Ысык-Көл облусундагы жол курулуштарынын жүрүшүн текшерди
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» майрамда күчөтүлгөн режимге өтөт
30.12.2021 | 11:03
Жаңы жылдык майрам күндөрү, ошондой эле иш күндөрүнүн жылдырылышын эске алуу менен «Кыргызстан улуттук электр тармагы» керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү камсыздоо үчүн күчөтүлгөн тартипте иштөө режимине өтөт. Бул туурасында аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда, бул күндөрү ишкананын борбордук аппаратынын жетекчилиги, бардык филиалдардын жетекчилери, ошондой эле «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын жооптуу адистеринин кезмети уюштурулат.
Өзгөчө кырдаалдарга карата ыкчам жоюу схемалары иштелип чыгып, оперативдүү оңдоолорго кам көрүлөт. Бардык оңдоо бригадалары зарылдуу запастык бөлүктөр менен камсыздалынды. Ошондой эле, энергетикалык объектилерди коргоо боюнча чаралар күчөтүлдү.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар