Эркектер көкүрөгүн массалык түрдө чоңойто баштады

Эркектер көкүрөгүн массалык түрдө чоңойто баштады

Эл аралык эстетикалык пластикалык хирургия ассоциациясы (ISAPS) изилдөө жүргүзүп, өткөн жылы эркектер эмчекти чоңойтуу үчүн пластикалык операцияга массалык түрдө кайрыла баштаганын аныктады, — деп билдирет Tengrinews.kz.

Эстетикалык жана косметикалык процедуралар боюнча глобалдык изилдөөнүн жыйынтыгы компаниянын сайтында жарыяланды.

Өткөн жылы эркектерге эмчекти чоңойтуу боюнча 22 568 операция жасалган. Жалпысынан алганда, бул дүйнөдөгү бардык окшош операциялардын 1,4% түзөт. Бирок көп өтпөй 2 миң 171 эркек өз оюн өзгөртүп, эмчек импланттарын алып салууну чечишкен.

Жалпысынан өткөн жылы 10,1 миллион хирургиялык жана 14,4 миллион хирургиялык эмес процедуралар жасалган. Эң популярдуу болуп эмчек чоңойтуу, липосакция, көздүн кабагына операция, ринопластика жана курсак кетирүү кирет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>