Кыргызстанда 1916-жылдагы Улуу Үркүн эскерилүүдө

05.08.2022 | 16:17

Бүгүн, 5-августта Бишкекте 1916-жылдагы Үркүндү эскерүү жүрүшү башталды. Жүрүш “Эсимде” изилдөө аянтчасы тарабынан уюштуруулда.

Жүрүш 5-августтан 14-августка чейин уланып, 1916-жылдагы көтөрүлүш жана Үркүн окуялары эскерилет. Анын алкагында жүрүштүн катышуучулары Үркүндү эскерүү жайларын зыярат кылат. Иш-чаранын маршруту Чүй өрөөнүнөн башталып, Ысык-Көлдүн күңгөй жана тескей тараптарын камтып, Сырт ашууларына чейин уланат.

“Жүрүштүн негизги максаттары колониализмдин курмандыгы болгон ата-бабаларыбызды эскерүү, 1916-жылдагы окуяларга байланышкан эс тутум жайларын коомдук эс тутумда актуалдаштыруу. Бул трагедияны коомдун аңдап түшүнүүсүнө түрткү берүү жана бул окуяларга байланышкан эс тутум жайларын изилдөө”, – дешти уюштуруучулар.

Эскерте кетсек, Үркүн кыргыз элинин орус падышачылыгынын оторчулук саясатына каршы улуттук-боштондук көтөрүлүшү болгон. Бирок ал орус падышачылыгы тарабынан кандуу басылган. Жазалоочу кошуундардан жан куткаруу үчүн Чүй, Нарын жана Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көпчүлүгү Кытайга качууга аргасыз болгон.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Scroll to Top