Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу: Кытайдан 80 адис келди

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу: Кытайдан 80 адис келди

Кыргызстанга Кытай долбоорлоо институтунан 80 адис келип, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо иштерин баштады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-августта министр Эркинбек Осоев улук инженер Гэнг Джун башында турган Кытайдын темир жол куруу корпорациясы институтунун өкүлдөрү менен жолуккан.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар темир жол куруу тармагында иштер күчөтүүнүн зарылдыгын белгилешти. Учурда тараптар Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу боюнча биргелешкен долбоорду ишке ашыруунун үстүнөн активдүү иштеп жатышат.

“Темир жолду куруунун техникалык-экономикалык негиздемесин биргелешип иштеп чыгуу боюнча келишим түзүлгөн. Кыргызстандын жетекчилиги долбоорду тез арада ишке ашырууга кызыктар, ошондуктан Транспорт жана коммуникациялар министрлиги долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин мүмкүн болушунча тезирээк иштеп чыгууга күч-аракетин жумшоодо”, — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, Кыргызстанга Кытайдан 80 атайын адис келип, темир жолду курууга даярдык иштери башталды.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>