Кыргызстанда 2026-жылдын июнь айына чейин туруктуу азык-түлүк жарманкелери өткөрүлүп турат

08.02.2026 | 15:00

Республиканын бардык облустарында жана борбор калаада жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн, фермерлердин жана кол өнөрчүлөрдүн жарманкелери уюштурулду. Иш-чаралар 2026-жылдын июнь айына чейин туруктуу негизде өткөрүлүп турат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Уюштуруучулар бүгүнкү күндө өлкөдө негизги тамак-аш азыктарынын тартыштыгы жок экенин жана азык-түлүк запастары жетиштүү көлөмдө бар экенин белгилешет. Жарманкелердин негизги максаты — ички рыноктун туруктуулугун камсыздоо, баалардын өсүшүн ооздуктоо жана калктын социалдык жактан аялуу катмарын колдоо болуп саналат. Жарандар сапаттуу азыктарды базар баасынан төмөн баада сатып ала алышат.

Борбор калаада жарманкелер ар ишемби жана жекшемби күндөрү өткөрүлөт. Уюштуруучулар — КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясы.

Азык-түлүктөр төмөнкү аянттарда сатыкка коюлат:

  • Т. Усубалиев атындагы аянт;
  • И. Раззаков жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Эркиндик бульвары (Биринчи май району).

Жарманкелерге продукциясы санитардык-гигиеналык ченемдерге жооп берген ата мекендик өндүрүүчүлөр жана фермерлер катыша алат. Сатуучулар үчүн негизги шарттар:

  1. Баалардын базар баасынан төмөн болушун камсыздоо.
  2. Райондук агрардык башкармалыктан тастыктоочу каттын болушу.

Белгиленгендей, мындай иш-чараларды өткөрүү жергиликтүү товар өндүрүүчүлөрдү колдоого жана ички рынокту сапаттуу азык-түлүк менен туруктуу камсыздоого багытталган.

Scroll to Top