Баткенде 3 миңден ашык тургун таза суу менен камсыз болотЧолпон-Атада Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча мелдештер өтүүдөСтамбул шаарында Кыргыз киносунун күндөрү өтөтОш шаарынын Кызыл-Байрак айылында 500 орундуу мектеп курулатМоюнга сайган: Москва районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалдыӨзбекстанда аял 30 жыл бою СССРдин паспорту менен жашаган
Кыргызстанда 2026-жылга чейин бизнести колдоо программасы бекиди
15.03.2023 | 10:27
Кыргызстанда 2026-жылга чейин бизнести колдоо программасы кабыл алынды. Анда бизнести тейлөө моделине өтүү, башкача айтканда, салыктык текшерүүлөрдү кыскартуу, бажы инфраструктурасын санариптештирүү каралган, деп билдирет Экономика жана соода министрлиги.
Документ ошондой эле технологияны жана сергек атаандаштыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында интеллектуалдык менчик укуктарын коргоону камсыз кылууга багытталган.
Программада Кыргызстандын 2026-жылга чейин ишкер аялдар үчүн мыкты өлкөлөрдүн тизмесинде рейтингин жогорулатуу, ошондой эле аймактарда өзүн-өзү иш менен камсыз кылгандардын санын көбөйтүү камтылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар