Өзбек чек арачылары Кыргызстандын жерине өтүп кеткенби? Расмий жооп

Өзбек чек арачылары Кыргызстандын жерине өтүп кеткенби? Расмий жооп

Социалдык тармактарда чыккан «Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын жерине өтүп кеткен» деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 12-мартта Баткен облусунун Сай айылынын У.Н. аттуу тургуну Жалпак-Таш жергесинде Өзбекстандын куралчан чек арачылары Кыргызстандын жерине өтүп кетти деген видео чыгарган.

«Чыр-чатакка жол бербөө үчүн Кыргызстандын Айдаркен багыты боюнча чек ара өкүлдөрү Өзбекстандын Сох багыты боюнча чек ара өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынтыгында өзбек аскерлери чек араны бузбаганы аныкталды. Алар Өзбекстандын аймагында жүрүп, чек ара сызыгына жакын жерде тилкеге кароо жүргүзгөн. Баткен облусунун Сай айылынын тургуну менен сүйлөшүү учурунда өздөрүн тартипке ылайык алып барган», — деп айтылат маалыматта.

Эки өлкөнүн чек арага жакын айылдарынын тургундарынын арасында түшүнбөстүк жаратпоо үчун аскерлердин бардык иш-аракеттерин макулдашып, алдын ала тиешелүү органдарга кабар берүү менен жүргүзүү макулдашылган.

Ошондой эле, эки өлкөнүн жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусунда кадастр кызматынын жетекчилери менен дагы бир жолугушуу өткөрүү, эл арасында түшүндүрүү иштерин жандардыруу чечими кабыл алынган.

Аны менен бирге видеону чыгарган Баткен облусунун Сай айылынын тургунуна болгон окуя түшүндүрүлгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>