Айыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон аштыOld Bishkek комплексин нөшөрлөгөн жаандан улам суу каптады. Нариман Түлеев эмне деди?Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоосунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгардыҮй иштериндеги аялдардын жүгү эркектердикинен беш эсе оорБишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза таптыУКМК «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомуна» таандык жер мыйзамсыз менчиктештирилгенин аныктады
Кыргызстанда 4,4 миңден ашык адамдан кызамык аныкталды
24.11.2023 | 20:22
Кыргызстанда 2023-жылдын башынан бери кызамык менен ооруган 4484 учур аныкталган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, эң көп Бишкек шаарында катталган.
Аймактар боюнча алганда:
Бишкек шаары – 1219 учур,
Ош шаары – 349 учур,
Ош облусу – 720 учур,
Баткен облусу – 103 учур,
Чүй облусу – 658 учур,
Жалал-Абад облусу – 1208 учур,
Талас облусу – 96 учур,
Ысык-Көл облусу облусу – 76 учур,
Нарын облусунда – 55 учур.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар