Президентке кат жолдогон нарындык окуучунун кыялы орундалды

Президентке кат жолдогон нарындык окуучунун кыялы орундалды

Президент Садыр Жапаровго кат жазган Нарын облусундагы 4-класстын окуучусунун кыялы орундалды.

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, Ак-Талаа районунун Коңорчок айылындагы Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебинин 4-классынын окуучусу Жанарбек Жайлообаев апасына тиричилик буюмдарын белек кылууну кыялданарын айтып президентке кат жазган.

“Өспүрүмдүн тилегин орундатып, өлкө башчысынын тапшырмасы менен президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Жанарбек Жайлообаевдин апасы Мусаева Кыялга тиричилик техникаларын алып берди. Белектерди бүгүн, 24-ноябрда ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Нурбек Сатаров дарегине жеткирди”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бул үй-бүлө аз камсыз үй-бүлөлөрдүн катарына кирет. Жанарбектин атасы жана иниси бала кезинен майыптыгы бар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>