Бишкекте лицензиясы жок иштеген 21 медициналык кабинет жабылат

Бишкекте лицензиясы жок иштеген 21 медициналык кабинет жабылат

Бишкекте Ош жана Аламүдүн базарларындагы лицензиясы жок медициналык кабинеттер текшерилүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда 33 медициналык кабинет текшерилген. Анын ичинен стоматологиялык – 25, гинекологиялык – 4, косметология – 1, медпункт – 1, терапевтик – 1, процедуралык – 1.

Объекттин иштөөсүнө тыюу салуу боюнча 21 санитардык буйрук чыгарылган. Санитардык көрсөтмөлөр сакталбаган учурда объекттер жабылат. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы 32 кеңсенин ээлерине жана ижарачыларына 116 миң сом айып салды. Буга чейин берилген санитардык көрсөтмөлөр аткарылбаганы үчүн 13 материал Ленин РИИБге өткөрүлүп берилген.

Аламүдүн базарынын аймагында 11 стоматологиялык кабинет/клиникалар текшерилип, анын ичинен 4үнүн лицензиясы болгон. Калган 7 стоматологиялык кабинет/клиника боюнча жалпы суммасы 35 миң сомдук 7 айып пул салынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>